Бишкекте саат 18:00дөн кийин троллейбустар убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык бардык троллейбус каттамдары техникалык себептерден улам саат 19.00 гө чейин токтотулат.
Муниципалитет 24.kg агенттигине бул убакыттын ичинде электр чубалгылары текшерилерин билдирди.