USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Мотоскутерчен адамды коюп кеткен Toyota Camryнин айдоочусу кармалды

12:49, 20 октября 2023, Бишкек - 24.kg

18-октябрда С.С. атуу жаран мотоскутер менен Садырбаев көчөсү менен бара жаткан учурда, капталынан белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен сүзүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын натыйжасында мотоскутердин айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Toyota Camry үлгүсүндөгү авто унаанын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалып, азыркы учурда Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, өткөрүп берүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика