15:56
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу. Кандай документ керек жана кайда кайрылуу зарыл

«Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулу 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө берилет. Ал айына 1,2 миң сомду түзөт.

Жөлөкпулду алуунун шарттары:

  • үй-бүлөнүн жалпы кирешесин анын мүчөлөрүнө бөлгөндө, бир адамга айына 1 миң сомдон ашпашы керек (кирешеде пенсия жана жөлөкпулдар эсепке алынбайт);
  • эмгекке жарамдуу үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү иштеши керек же эмгекке жарамсыздыгын/убактылуу эмгекке жарамсыздыгын далилдеши керек.

Эгерде үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу бир же бир нече мүчөсү иштебесе, жөлөкпул алуу үчүн кайрылуудан мурун алар жумушсуз катары каттоого турушу керек.

Ким ала албайт

Иштебегендер жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбагандар.

Кандай документтер керек

  • Кайрылуучунун паспорту
  • Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү

*Арыз ээсинен (үй-бүлө мүчөлөрүнөн) жумушсуз статусун кагаз жүзүндө тастыктоо (маалымкат) талап кылынбайт.

Кайда кайрылуу керек

Иш жүзүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына. Жашаган жери боюнча каттоодо туруу маанилүү эмес.

Кайсыл учурда жөлөкпул берүү токтотулат

Эгерде жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге эки айдын ичинде келбесе, ал расмий түрдө жумушсуз жана жумуш издеген адам каттоосунан алынат.

Жергиликтүү бийлик менен социалдык келишимге (100 миң сом) кол койгон үй бүлөлөр бул жөлөкпулду үч жылга чейин ала алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар