18:11
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Президенттин администрациясынын жаңы имаратына «Ынтымак-Манас Ордо» аты берилди

Президенттин администрациясынын жаңы имаратына «Ынтымак-Манас Ордо» деген ат берилди. Бул тууралуу социалдык тармактарда өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Ал бир жума мурда кыргызстандыктардан өлкөнүн стратегиялык объектисине ат коюуну суранганын эске салып, активдүү катышкандыгы үчүн элге ыраазычылык билдирди. Президент сунушталган варианттардын ичинен төрт аталыш көп айтылганын белгиледи: «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо» жана «Ынтымак Ордо».

«Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай», — деп жазды Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент достук жана ынтымаксыз бакыт да, байлык да, бийлик да, ырыс да болбой турагандыгы айтылган элдик уламышты келтирди.

«Чынында эле ынтымагыбыз бекем болсо, баардык ийгиликтер болот. Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос», — деп белигиледи ал.

Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышы боюнча жалпысынан 108 сунуш түшкөнүн, алардын басымдуу бөлүгү бири-бирине окшош экенин белгиледи.

Эске салсак, Бишкекте бузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу уланууда. Мамлекет башчысынын иш башкармалыгы көзөмөлдөгөн масштабдуу долбоор кандай жүрүп жатканы коомчулукка айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар