17:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу боюнча кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Талас шаарынын мурунку кароочусу пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тайсон каймана аты бар С.М.Ж. унаамектептин мугалимин ага карата компроматтык маалыматтарды ички иштер органдарына берем деп коркутуп, 70 миң талап кылганы аныкталган.

Ал 30 миң сом акча алуу учурунда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тинтүү учурунда С.М.Ждан салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар