22:35
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Яндекс» шаар ичинде буюм жеткирүү боюнча жарнама кампаниясын баштады

«Яндекс Go» компаниясы жеткирүү кызматын чакыруунун ыӊгайлуу жолдору жана сиздер өз ишиӊиз менен алек болуп жатканда, курьер сиздин буюмуңузду канчалык тез, ишенимдүү жана кылдат алып бара жатканын тиркемеден байкоо салуу жөнүндө айтып берет.

Жеткирүүгө байкоо салуу — кампаниянын чыгармачыл концепциясынын негизин түзөт. «Яндекс Go» тиркемесинин картасында көчөлөр менен жолдо бара жаткан курьер — визуалдык байланыштын борборунда турат. Биз жеткирүүгө буйрутма берүүнү жана аны аткарууну толук көрүп турабыз. Курьер шаарды жакшы билет жана кардар өз иши менен алек болуп жаткан кезде тыгындардан буйтап өтүп, жөнөтмөнү тез жеткирет. Жеткирүүнү башкарган технология — мыкты маршрут жана колдоо кызматы бар тиркеме анын ишине жардам берет.

«Биз күнүмдүк жашоодо жана бизнестеги жеткирүүлөрдү «Яндекс Go» кантип жеӊил кылаарын көрсөткүбүз келди. Көбүнө тааныш тиркемеде жеткирүүнү эки жолу басуу менен чакырып, буйрутмага курьер кантип чектелгенин, жөнөтмөнү кантип алганын жана алуучуга кандай багыт алганын жана аны кантип жеткиргенин көрүп турасыз», — дейт КМШ «Яндекс Жеткирүү» маркетинги боюнча директору Ваган Татевосян.


Концепцияны Zebra Hero, creative agency & production агенттиги иштеп чыккан. Креатор Булат Карипов кызматтын маанисин мындай түшүндүрөт: «Сизге алтындай убактыӊызды коротуп тыгында туруунун, же шаарды аралап жүрүүнүн кереги жок. Болгону, тиркемеден курьер карта боюнча кандай ылдам бара жатканын жана жеткирүү дарегине кантип жакындап калганын көрүп туруу жетиштүү. Биз ушул сезимди жеткиргибиз келди».

 
Эң көп окулган жаңылыктар