16:32
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Президент Берлин шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Берлин шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында пландаштырылган иш-чараларга, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кыскача токтолду.

Берлиндин борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган айкелдин маанисин белгилеп, Садыр Жапаров «Манас» эпосу кыргыз элинин жалпы тарыхын, каада-салтын жана үрп-адаттарын камтыган тарыхый баа жеткис булагы болуп саналарын белгиледи.

«Биздин ата-бабаларыбыздын калтырган бул зор осуяты бүгүнкү күндө да өзүнүн маанисин жоготкон жок жана бизге дайыма жол көргөзүп келет — бул элди биримдикке, ынтымакка чакыруу», — деди президент.

Садыр Жапаров мекендештерге кайрылып, кыргызстандыктар өлкө менен дайыма байланышта болуп, мекенине кошкон салымдарын мындан ары да улана берерине ишеним артты.

Эң көп окулган жаңылыктар