17:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Калкты каттонун жыйынтыгы боюнча Бишкекте 1,1 миллион адам жашайт

2022-жылдагы Кыргызстандын калкын каттоонун жыйынтыгы боюнча Бишкекте 1 миллион 137 миң 882 адам жашайт. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети келтирет.

Анын ичинде шаар калкы 1 миллион 133,3 миң, айыл калкы 4,5 миң адамды түзөт. 2019-жылдан бери борбор калаанын калкы 272 миң 355 адамга же 31,5 пайызга өстү.

Ошто 364 миң 52 адам жашайт. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 120,8 миң адамга көп.

Эң көп окулган жаңылыктар