10:12
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстан паспортторду өзү басып чыгара баштады

«Сиздер менен дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келет. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык», — деп билдирди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Facebook баракчасында.

Жыл башында Садыр Жапаров Кыргызстанда жарандардын улуттук паспортторун басып чыгаруу жакында ишке кирерин билдирген. «Учкун» мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган.

«Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан. Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес. Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык», — деди ал.

Ошондой эле, ал Кыргызстан жыл сайын чет өлкөдөн орточо бир жарым миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма берип келгенин билдирди.

Эми паспортторду даярдоо акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлүп, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болот.

«Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес. Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт», — деп айтты президенттин басма сөз катчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар