05:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Түркия, БАЭ жана Сербия- кыргызстандыктар күзүндө барууга камынган өлкөлөр

Түркия, БАЭ жана Сербия бархат мезгилинде туристтик багыттар боюнча Кыргызстандан эң көп изделген өлкөлөр болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Aviasalesтин маалымат кызматы билдирди.

Билеттердин эң арзаны - Бишкек - Абу-Даби каттамы боюнча.  Билет баасы орточо 7 миң 809 сомду түзөт, бул жайкы сезонго салыштырмалуу 42 пайызга арзан. Стамбулга дагы билеттин баасы 8 пайызга төмөндөгөн. А эми Белградка сентябрь айында 29 пайыз арзандатуу менен барса болот.

Күз айынлайында кыргызстандыктар арасында эң популярдуу каттамдар Москва, Красноярск жана Санкт-Петербург болушу күтүлөт. Билеттин орточо баасы 13 миң 249 сомду түзөт. Бул багыттардын ичинен Красноярскка саякат чөнтөккө эн ыңгайлуу — билет баасы 9 миң 592 сом. Санкт-Петербургга брондолгон көпчүлүк рейстер учак алмаштыруу менен болгондуктан, орточо билет 18 миң 309 сом турат.

Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу Москвага билеттер 20 пайызга, ал эми Санкт-Петербургга 26 пайызга аз сатылган. Бирок Казань жана Новосибирск шаарыларына талап 92 жана 22 пайызга өскөн.

Эң көп окулган жаңылыктар