20:30
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кайра шайлоо. 26 талапкер документтерди толук тапшырышты

Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Жалпысынан шайлоого катышуу ниети менен 34 адам кайрылган. Алардын ичинен каттоо үчүн документтердин толук пакетин 26 талапкер тапшырган.

11 адам каттоодон өттү. Ал эми Жаныбек Абировду БШК буга чейин каттоодон баш тарткан. Ал эми экөөсү мандат үчүн күрөшүүдөн баш тартышты.

Беш талапкер документтерди толук тапшырган эмес, тактап айтканда, 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгүшкөн эмес.

Калгандарынын документтери учурда жумушчу топтун кароосунда.

Парламент депутаттарын кайра шайлоо 10-сентябрда Ленин бир мандаттуу округунда өтөт. Каттоо 20-августка чейин уланат.

Буга чейин БШК Ленин району боюнча 28-майда өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, Дамира Ниязалиевага берилген добуштар жокко чыгарылган. Ал шайлоодо добуштардын 35,86 пайызын алган.

Эң көп окулган жаңылыктар