07:00
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Каржы пирамидалары боюнча 248 кылмыш иши козголду

2023-жылы 6 айдын ичинде каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши козголгон. Алардын арасынан 100 материал сотко өтүп, жабыркагандардын саны 248 адамды түзөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик жарандарды каржы пирамидаларынын курмандыгы болбоо үчүн жеңил жана тез киреше алып келүүчү ар кандай шектүү операцияларга катышпоого чакырды.

Маалыматка ылайык, каржы пирамидалары адамдарды социалдык тармактар аркылуу жеңил акча табуу жолдору менен кызыктырышат. Барган сайын алардын туугандарын жана досторун дагы тартышат.

Алдамчылык долбоорлордун негизги өзгөчөлүктөрү: жогорку кирешени убадалаган жарнама, кирешеси жаңы катышуучулардын эсебинен көбөйгөн бизнес уюштуруучулук жана акча каражаттарын табуу үчүн лицензиянын жоктугу болуп эсептелет.

"Пирамида схемалары өздөрүнүн алдамчылык схемаларын ар кандай жолдор менен жаап-жашырышат жана мындай шектүү уюмдардын максаты — жогору пайда көрүү убадаларына ишенген жарандардын акчасын тартуу болуп саналат. Алар ар кандай артыкчылыктарды, ар бир жаңы мүчө үчүн бонустарды сунушташат, укмуштуудай пайыздарды убада кылышат",- дейт мекеме.

Мындай алдамчылык схемалары мурда эле пайда болгон, бирок алар дагы эле акча алуунун жаңы ыкмаларын табышууда. Учурда Бишкек, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарында каржы пирамидалар боюнча кылмыш иштери тергелип жатканы кошумчаланды.

Ал эми буга чейин, «Финико» каржы пирамидасы боюнча 141 кылмыш иши тергелип, келтирлген зыян 1 миллион 687 миң долларды түзгөн.

— «World Business Consulting» боюнча 12 кылмыш иши тергелген жана жарандарга 301 миң доллардан ашык зыян келтирилген.

— «Ихсан ЛТД Групп» тарабынан келитирилген зыян 870 миң сомду түзөт.

— «NWORK» 870 миң сом зыядын ордун толтуруп берсе, «Докодемо» боюнча 25 кылмыш иши тергелип, андан жарандар 1 миллион 379 миң зыян тарткан.

— «Ок платформа» фирмасына байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 23 миң доллар чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар