Казакстан 2023-жылы Өзбекстан жана Кыргызстан менен суу боюнча келишимди кайра карап чыгууну пландоодо.
Бул боюнча Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин сайтына жайгаштырылган Суу ресурстарын колдонуу боюнча 2023-2029-жылга карата концепцияда айтылат.
Анда кошуна өлкөлөр менен суу боюнча келишим 1998-жылдан бери иштеп жатканы айтылат.
Белгилей кетсек, суу тартыштыгы аймактын башкы проблемаларынын бири. Эксперттердин божомолунда, 2040-жылы суу муктаждык 2,8 эсеге өсөт.