23:59
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар Садыр Жапаровдун отставкасын талап кылууда

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар президент Садыр Жапаровдун отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы мурдакы элчиси Азимбек Бекназаров facebook баракчасында билдирди.
 
Учурда абакта олтурган саясатчылар, активисттер Рамазан айынын башында кол сунуп кайрылганын белгилешет.
 
«Кемпир-Абадчыларга КР Конституциясынын 61-беренесинин 2-бөлүмүндө бекитилген, мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу бузулуп жаткан өз укуктарыбызды жана эркиндиктерибизди ачык коргоо максатында биз дагы бийликтин мыйзам бузууларын ачык жарыялап «контрнаступлениеге» өткөндөн башка жол калбады», — деп жазышат алар.
 
Активисттер 6 айдан бери бийлик тарабынан ар-бир Кемпир-Абадчыга, алардын жакындарына эч негизсиз жана мыйзамсыз орду толгус моралдык-саясий, материалдык, физикалык жана психологиялык кыйноолор, басмырлоо, шылдыңдоолор, адамкерчиликсиз мамилелер эң жогорку мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жатканын белгилешет.
 
Кемпир-Абадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз.
Алар президентке өз ыктыяры менен кызматтан кетүүнү сунуштайт.
 
«Күнөөңүздүн баарын фактылар менен көргөзүп, сизге коомдук импичмент жарыялайбыз! Аны Конституциянын күнүнө карата сиздин өзүңүзгө 7 (жети) эпизод менен алдын ала билдиребиз!», — дейт алар.
 
Ал жети факты:
1. Баткен жергесинде болгон эки кандуу окуя боюнча;
2. Кемпир-Абад маселеси боюнча;
3. Кумтөр, Жер-Үй ж.б. кен байлыктардагы коррупциялар боюнча (айрыкча 19 жана 46 тонна алтын, 26% Центеррада калган акция, 4,4 млрд$ экологиялык зыян ж.б. боюнча);
4. Соттолгон, качкын кылмышкерлерди легалдаштыруу, алар менен биригүүнүн максаттары боюнча;
5. Адам укуктары менен эркиндиктеринин, сөз, ой, пикир эркиндиктеринин бузулушу, эркин саясатчылардын, журналист-блогерлердин куугунтукталышы, «Азаттыккка» окшогон эркин медиалардын жабылышы, кысымга алынышы боюнча;
6. Алдамчылык, жалган айтуу, элди алдоо, көз боёмчулук, жасалма кылмыш иштерди токуу, «Кустурбайчылык», көмүскө бийлик түзүү, көмүскө байлык топтоо, мыйзамсыз фонддорду түзүү ж.б. мамлекеттик байлыктарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча;
7. Жогорку Кеңештин, сот бийлигинин иштерине мыйзамсыз кийлигишүү боюнча.
 
«Бул 7 эпизоддун ар-бири боюнча президент тарабынан КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын кайсы беренелери бузулган же аткарылбаган, анын себептерин так фактылар менен далилдеп, анын кесепетинен мамлекетке, элге канча зыян келтирилгенин көрсөтүүгө аракет кылабыз.
Президенттин кылмыштуу аракеттери (аракетсиздиги) КР КЖКнын кайсыл беренелери менен квалификацияланат аны дагы көрсөтөбүз. Ар-бир эпизод боюнча жумасына бир жолу сериалдуу коомдук импичмент түрүндө билдирүү чыгарып турабыз!», — дейт кемпир-абадчылар.
Эң көп окулган жаңылыктар