09:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектеги мектептин окуучулары баңги затты жашырып жаткан жеринен кармалды

Бишкектеги мектептин 9-11-классыныны окуучулары баңги затты жашырып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, окуучулар Ботаникалык бакта кармалган. Алардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык «Альфа PVP» баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылып алынган.

«Бул 1 гр. заттын базар баасы 10 000 сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 000 сомдон сатышууда. Белгилей кетсек, бул табылып алынган 921 гр. баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, бул баңгизаттын «дозалап» сатылган баасы 11 миллион 857 миң 500 сомго жетет», — дйет УКМК.

УКМК ата-энелерди балдарына камкордук кылууга, алардын убакыт өткөрүүсүн жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат. КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар