Кыргызстан дүйнөнүн кылмыштуулук күч өлкөлөрүнүн катарына кирди. Бул тууралуу World Population Review иликтөөсүндө айтылат.
Анда биздин өлкө 136 мамлекеттин ичинен 31-орунга жайгашты. Иликтөөдө 2023-жылы Кыргызстанда кылмыштуулук индекси 56,87и түзгөнү белгиленет.
Рейтингде биринчи беш орунга төмөнкү өлкөлөр жайгашты:
- Венесуэла (83,76);
- Папуа-Новая Гвинея (80,79);
- Түштүк Африка (76,86);
- Ооганстан (76,31);
- Гондурас (74,54).
Кылмыш Швейцария, Дания, Норвегия, Япония жана Жаңы Зеландияда эң аз катталат.