03:03
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эттин баасын кымбаттатпоого жол берөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкектин Ош базарында эттин дүң жана чекене баалары боюнча маалымат берди.

Учурда эттин чекене баасы төмөндөгүдөй:

- уй эти 1 кг 500 сом - 580 сом;
- кой эти 1 кг 480 сом - 540 сом.

Кызматкерлер тарабынан дүң жана чекене баада соода кылган ишкерлер жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар