22:51
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

Казакстанда «Трамадол» маңзаттардын тизмесине киргизилди

Казакстандын өкмөтү «Трамадол» препаратын маңзат каражаттарынын тизмесине киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, эми аталган препаратты атайын уруксаты бар дарыканалар гана сата алышат. Дарыны лицензиясы жок сатуу үчүн административдик жана кылмыш жазалары каралган.

«Трамадол» — Казакстанда дарыгерлердин рецеби менен сатыла турган күчтүү опиоиддик анальгетик. Ал көз карандылыкты жаратат жана баңгизаты катары колдонулат. Казакстанда бул препарат атайын рецеби жок эле дарыканаларда, ошондой эле жеке үйлөр менен батирлерде да сатылган учурлар кездешет.

Буга чейин «Трамадолду» мыйзамсыз саткандар административдик жазага тартылып келген. Бирок Ички иштер министрлиги мындай чара натыйжасыз экенин билдирген.

Өткөн жылы Казакстандын батышындагы Орол шаарынын тургундары «Трамадол» мыйзамсыз сатылып жатканына даттанышкан. Анда шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 50дөн ашык тургун чогулуп, бийликтен аталган препараттын ачык сатылышын токтотууну талап кылышкан. Жашоочулардын айтымында, «Трамадол» алардын үйүндөгү батирлердин биринде сатылган.

Шаар тургундары маңзатка каршы митинг өткөрүү тууралуу жергиликтүү акимчиликке билдирме жөнөтүшкөн. Бийлик алгач акцияга уруксат берип, бирок кийин кайра баш тартып койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар