08:32
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Камчыбек Ташиев: Бир дагы чет мамлекетте үйүм дагы кыймылсыз мүлкүм дагы жок

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Испанияда үйү бар экенин четке какты.
 
Анын айтымында, чет мамлекетте кыймылсыз мүлкү жок.
 
«Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланаарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык «Регнум» порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп. Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Деги эле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес», — дейт ал.
 
Ал 17 жаштагы уулу Испанияда жашарын белгилейт.
 
«8 жашынан бери футбол менен жакындан алектенет: Перуджада атактуу «Паоло Росси» футбол академиясында, андан кийин Валенсиядагы «Леванте» клубунун академиясында окуган. Азыр эки жылдан бери «Барселонанын» жаштар командасында ойноп жатат. Уулум профессионал футболчу, жанында апасы менен карындашы жүрөт. Ал 18 жашка толо элек болгондуктан, жанында үй-бүлөсүнөн улуураак адамдар сөзсүз болушу кажет экен, бул команданын талабы. Бул ийгилик дагы жөн келген жок, уулум көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөздү, жаракат алган учурлар болду — азыркы футбол дүйнөсү ошондой экен», — дейт ал.
Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума