Жаңы жылдан тарта ун 15 пайызга, нан 20 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Руслан Жунушов билдирди.
Анын айтымында, 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.
«Жолдор жабык болууда. Ал эми бизге берилген жеңилдик 31-декабрда бүтөт. 2023-жылдын 1-январынан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, мындан улам ундун баасы 14-15 пайыз, нан 18-20 пайызга кымбатташы ыктымал. Бир гана ун эмес, суюк май жана кумшекердин дагы баасы өсүшү мүмкүн», — деди Руслан Жунушов.
Анын маалыматында, Кыргызстанда жылына болжол менен 500 миң тонна ун, 800-900 миң тонна буудай керектелерин кошумчалады.