18:31
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Алтын казган компания мамлекетке 20 млн сом зыян келтирген

Жалал-Абад облусунда алтын казган компания мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

«Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп жүргөн.  Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»

Текшерүү маалында, аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды, деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар