10:11
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

MegaCom компаниясын кайрадан сатканы жатышат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2023-жылга карата «Альфа Телеком» ЖАКты (MegaCom соода маркасы) сатуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына компаниянын жетекчиси Мирлан Бакиров кабарлаган.

Анын айтымында, уюлдук оператордун баасы учурда 14,015 миллиард сомго бааланууда. Акыркы баасын тиешелүү компания аныктайт.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси кошумчалагандай, «Керемет банктын» жана Кепилдик фондунун мамлекеттик үлүштөрүн сатуу пландалууда.

Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекитти.

Эске сала кетсек, Мирлан Бакиров 2021-жылдын август айында Улуттук банк тарабынан «Альфа Телеком» ЖАКты( MegaCom соода маркасын) сатып алуу мүмкүндүгү каралып жаткандыгын билдирген.

2019-жылы MegaComдун баасын 19 миллиард сомго баалашкан, андан кийин 14 миллиард сомго түшүрүшкөн учурда деле сатып алуучу табылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар