03:44
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Бишкекте канализациялык коллектор курулууда

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы суу берүүнүн жаңы бутагын куруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоосун жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун бир фазасынын алкагында канализация коллекторун куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тазалоочу курулмалардын кабыл алуу камерасынан Фучик-Ленская көчөлөрүнүн кесилишине чейин канализациянын басым түтүгүн тартуу иштери аяктады. Түтүк өткөргүчтүн узундугу-2 км 714 метрди түзсө, долбоор боюнча канализациялык системанын жалпы узундугу — 11 км түзөт.

Жаңы канализация тутумун куруу үчүн диаметри 1000 мм жана 2000 мм темир бетон түтүктөрү колдонулат. Булар заманбап туруктуу, бактериялык чабуулга дуушарланбайт, ысыктан, кургакчылыктан, нымдуулуктан жана үшүктөн коркпойт. Жаңы материалдар түтүктөрдүн ишенимдүүлүгүн 50 жылдан кем эмес кепилдик берүүгө мүмкүндүк берет.

Канализация түтүктөрүн орнотуу — атайын жабдууларды, белгилүү бир билимди жана көндүмдөрдү колдонууну талап кылган татаал процесс.

Иштин максаты — борбордун түштүк жана батыш аймактарында калктын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле калктуу конуштун саркынды сууларды чыгаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.

Эң көп окулган жаңылыктар