21:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы уюштурулду

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу олкө башчысынын басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, стипендияны уюштуруу таланттуу жаштарга Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда суроо-талапка ээ болгон билим берүү жана илим багыттары боюнча дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде алдыңкы билимдердин жеткиликтүү болушуна мүмкүндүк берүүчү механизм болот.

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандарына QS World University Rankings, Times Higher Education эл аралык рейтинги боюнча жогорку окуу жайлардын алдыңкы 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет элдик университеттерде билим алууга мүмкүндүк берет.

Стипендиялар техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык даярдоо багыттары боюнча магистратура жана PhD докторантура программалары боюнча окутууга бөлүнүп берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар