Кыргызстан быйыл 2 миллиондон ашык еврого тик учак сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу учурунда билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, бюджеттен 300 миллион сомдон ашык каражатка элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникалар алынат. Андан сырткары, 2 миллион еврого ӨКМ тик учак сатып алынат.
«Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 миллион доллардан ашык акча каражатына 58 даана өрт өчүрүүчү автоунааларын сатып алынат. Мына бүгүн аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырабыз. Белгилей кетсек, былтыр дагы бир өнөктөшүбүз — Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатып алганбыз», — деди Садыр Жапаров.

