18:10
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

2,5 айда доллардын наркы сомго карата 23 пайызга өстү

2022-жылдын январь айынан тарта доллардын наркы сомго карата 23,82 пайызга өстү. Бул тууралуу Жогоркдыну Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу.

«2022-жылдын январынан 15-мартка чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында КРУлуттук банкы 284,30 миллион доллар өлчөмүндө чет өлкө валютасын сатуу боюнча 5 интервенция өткөргөн, анын ичинен 66,65 миллион доллар накталай болгон. Ошентипп, жыл башынан тартып 16-мартка чейин АКШ долларынын расмий курсу сомго карата 23,82%га, башкача айтканда 84,8 сомдон 105 сомго чейин өстү», — деди ал

Эң көп окулган жаңылыктар