19:51
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Пенсияны 50 пайызга чейин көтөрүү пландалууда

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн 50% чейин көтөрүү пландалууда.

Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын базалык бөлүгү азыр 2,5 миң сомду түзөт. Керектөөчү минимум бир айга бир кишиге 6200 сом деп эсептелген. 2020-жылдан бери азык-түлүктүн баасы бир нече эсе жогорулады.

Кыргызстанда ушу тапта 713 миң пенсионер бар.

Эң көп окулган жаңылыктар