19:49
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Абрамович «Челси» футбол клубун сатып, акчасын Украинага бермекчи

Орусиялык олигарх Роман Абрамович англиялык «Челси» футбол клубун сата турганын жарыялады. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирди.

«Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгына карап, чечим кабыл алчумун. Ошондуктан мындай кырдаалда мен клубду сатууну чечтим. Анткени бул команданын кызыкчылыгында деп эсептейм», — деп айтылат Абрамовичтин билдирүүсүндө.

Британиядагы маалымат каражаттары жазгандай, Абрамович эл аралык санкциялардан кооптонгону үчүн бул кадамга барышы мүмкүн. Буга чейин орусиялык олигарх клубду башкарууну «Челсинин» кайрымдуулук фондунун камкорчулар кеңешине өткөрүп берген.

Абрамович «Челсини» 2003-жылы 140 миллион фунтка сатып алган. Андан бери бул клуб 21 жолу ар кыл титулдарды утуп алды.

Эң көп окулган жаңылыктар