22:26
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

КТРКны «улуттук» кылып өзгөртүүнү парламент биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясын «улуттук» кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын 2-марттагы биринчи окууда жактырды. Экинчи окууга толуктоолор менен алып келүү сунушталды.

Өкмөт сунуштап жаткан долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Байкоочу кеңеш жоюлат.

КТРКга коомдук деген макам 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин берилген. КТРКнын директору Кайрат Иманалиевдин айтымында, «Улуттук» болуп өзгөртүлсө, бюджети 12 миллион сомго көбөйөт. Бул каражат маянага жумшалат.

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар