Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.
Ал министрлерди Жогорку Кеңешке чакырууну токтотууну сунуштайт.
«Сиздер ишке киришкенден берки парламенттин, комитеттердин, фракциялардын жыйындарына көз салып турдум. Жаман эмес, башталышы жакшы. Бирок сиздерден бир нерсени суранам, комитеттердин, фракциялардын. депутаттык топтордун жыйындарына «Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин» деген талапты койбосоңуздар. Кандай гана маселе каралбасын, ошол маселеге тиешелүү орун басарлары барып жатышат. Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн-түз иш алпарышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет. Ал эми министр болсо жалпысынан координациялайт», — дейт Садыр Жапаров.
Президент депутаттардын өзүн министерлер кабинетинин жыйынына катышууга чакырат.
«Менин ар бир депутатка айтайын дегеним, эгер кандайдыр бир көйгөйдү же Министрлер кабинети чече турган маселени көтөргүңүздөр келсе, анда ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 18-00дө өтө турган Министрлер кабинетинин жыйынына катышсаңыздар болот. Апта башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маселелер каралып жана кийинки аптага тапшырмалар берилет. Ушул жыйындарга келип катышканга ар бириңиздердин толук укугуңуздар бар. Эшик ачык», — дейт Садыр Жапаров.

