19:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Алия Назарбаеванын соцтармактагы баракчалары ачылбай калды

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын «Фейсбук» менен «Инстаграмдагы» баракчалары ачылбай калды. Анын алдында Элбашынын кызы ондогон адамдын өлүмү менен аяктаган тоз-тополоңдорго биринчи жолу комментарий калтырган.

Алия Назарбаева курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазган. «Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын» кошумчалап, Элбашыга «көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын» билдирген. Анын мындай комментарийинин алдына бир топ колдонуучу терс пикир калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар