21:48
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Садыр Жапаровдун Facebook’тагы баракчасын бирөөлөр бузуп кирген

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди.


«Садыр Жапаровдун Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деди Галина Байтерек.

Эң көп окулган жаңылыктар