11:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ооганстандын мурдагы президентинин «Фейсбуктагы» баракчасын бузуп киришти

Ооганстандын бийликтен кулатылган президенти Ашраф Гани «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасын белгисиз бирөөлөр бузуп киргенин билдирди. Анын алдында Ганинин «Фейсбуктагы» барагында Ооганстандагы «Талибан» өкмөтүн таанууга чакырган билдирүү пайда болгон эле.

«Доктор Мохаммад Ашраф Ганинин «Фейсбуктагы» расмий барагы кечээтен бери хакердик бузуп кирүү аракетине туш болду. Баракчага көзөмөл кайра орнотулмайынча андагы билдирүүлөрдүн баары эле жарактуу эмес», — деп жазды Гани «Твиттердеги» барагына.

Ганинин «Фейсбук» барагындагы «Талибандын» өкмөтүн таанууга чакырган билдирүү дагы деле алына элек. Бул билдирүүдө Ооганстандагы гуманитардык кризис сынга кабылып, ооган өкмөтүнүн чет өлкөдөгү эсептерине коюлган чектөөнү алып салуу чакырыгы да камтылган.

Мындай билдирүү 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Ооганстандын атынан ким сүйлөшү керек деген маселе талаш жаратып жаткан учурга туура келди.

Эң көп окулган жаңылыктар