22:43
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан азырынча «Талибан» өкмөтүн тааный элек

Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн таануу тууралуу маселени карай элек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Ооганстан менен сүйлөшүүнү улантат.

«Биз бай эмес өлкө катары мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жардам берүү аракетиндебиз. 23-сентябрда Кабулда болдук. Өткөн жумада дагы мен Кабулда болдум. Ал жактагы кырдаал жана эл аралык ЖМКдагы маалыматтар айырмаланат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, «Талибан» кыймылы Кыргызстанда тыюу салынган.