05:33
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кытай Кыргызстан менен чек арасын бир аптага жабат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-7-октябрь аралыгында жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүн майрамдоонун алкагында кытай тараптын демилгеси менен эки өткөрүү бекеттери транспорт каражаттары үчүн убактылуу жабык болот.

«Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 8-октябрдан тарта ишин жандантат.

Эң көп окулган жаңылыктар