05:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте 80 миң жаран эмдөөдөн өттү

Бишкекте 80 миң жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу студенттер поликлиникасынын башкы дарыгери Минбай Жороев билдирди.

Анын маалыматында, борбор калаада 1-дозаны алгандардын саны 80 миңден ашык болсо, 2-дозаны алгандардын 65 миңге жеткен.

«Жалпы Бишкек шаары боюнча күнү-түнү иштей турган 73 эмдөө пункту ачылып, анын ичинде: үй-бүлөлүк медицина борборлору, соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар. Эмдөө пункттары тууралуу сурап — билүү үчүн (0312) 32-31-27, 32-30-11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар