01:32
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Суусамырда жол кырсыгынан 9 адам каза болду

Бишкек — Ош жолунда, тагыраагы, Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсыктан 9 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.

«Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалар кагышып, андан 9 адам — алты аял, эки эркек жана бир жаш бала каза тапты», — деп айтылган маалыматта.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар көз жумгандардын сөөгүн автоунаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар