Аксы районунун Ак-Жол айылында сел агызып кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен атасы кызын тапты.
Учурда 2016- жылы туулган бала изделүүдө.
Белгилей кетсек, Аксыда сел жүрүп 8 адамды анызып кетти. Алтоонун сөөгү табылып, бир кыз менен бала издөөгө алынган.