10:26
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Аба-ырайы. Кыргызстанда төрт күн күн катуу ысыйт

2021-жылдын 5-июлунан 8-июлуна чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38...40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36...38°ка чейин жогорулашы, 7-8-июлдарда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39...41°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37...39°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар