23:26
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

«Кумтөр» улгайган адамдардын Төмөнкү Серафимовкадагы үйүнө кичиавтобус берди

«Кумтор Голд Компани» (КГК) ЖАК улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Төмөнкү Серафимовкадагы үйүнө «Тойота Хайс» кичиавтобусун колдонууга берди.

Төмөнкү Серафимовка социалдык мекемесинин директору Бактыбек Жунушевдин айтымында, алар буга чейин «Кумтөр» ишканасына бир нече ирет жардам сурап кайрылып, бирок оң жооп ала албай келишкен. Ушул жылы кайрылышканда, өтүнүчтөрү дароо канааттандырылган. Аталган социалдык мекеменин жашоочуларынын борбор калаадагы бейтапканаларга каттоосун жеңилдеткен эң башкы көйгөйүн «Кумтор Голд Компани» бир ай ичинде чечип берди.

«Кумтор Голд Компани» ЖАКынын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк автотранспортту салтанаттуу түрдө тапшырып жатып, Төмөнкү Серафимовка үйүнүн жашоочулары эми ооруканаларга гана эмес, ар кандай экскурсияларга да барса болоорун кошумчалады.

«Биз сиздердин өтүнүчтү чын жүрөгүбүз менен аткардык. Жашооңор ыңгайлуу, кубанычтуу, узак болушу үчүн бардык көмөгүбүздү көрсөтөбүз. «Тойота Хайс» кичиавтобусун берип эле койбостон, «Кумтөр» ай сайын керектүү өлчөмдөгү бензин менен камсыздап, тийиштүү ремонт иштерин дагы жасап берип турабыз», — деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Мындан тышкары, Тенгиз Бөлтүрүк Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүнүн негизги көйгөйү — ичүүчү таза суу маселесин да «Кумтөр» ишканасы чечип берээрин айтты. Компания жетекчилиги мекеменин суу берүү системасын толугу менен ремонттоп, таза суу менен камсыздап берүүнү чечти. Жакынкы күндөрү ремонт иштерин баштоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Азырынча токтоосуз түрдө суу ташып келүүчү цистерналар орнотулат.

«Биз дагы карыйбыз, мамлекет жана компания муктаждарга болушунча жардам берсе дейбиз. Биздин ишкана көп жылдан бери кайрымдуулук иштерин жасап, элге жардам берип келет. «Кумтөр» мындан кийин Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп, элге ар дайым жардамга келүүгө даярбыз!» — деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Төмөнкү Серафимовкадагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык, стационардык мекемесинин башчысы Бактыбек Жунушев: «Бүгүн бизде чоң майрам! Биздин мекеме 1936-жылы салынгандан бери дарыя суусун колдонуп келдик. Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон «Кумтөрдүн» жаңы жетекчилигине терең ыраазыбыз. Силер абдан чоң соопчулук ишти жасап жатасыңар. Жоопкерчиликтүү ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайм», — деген тилегин айтты.

Төмөнкү Серафимовкадагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык, стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 310 адам бар. Анын 203ү эркек, 107иси аял.

Эң көп окулган жаңылыктар