10:24
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.04

Ысык-Көлдө көлмөгө чөгүп кеткен киши изделүүдө

Тоңдо көлгө чөгүп кеткен эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында Кош-Каракөл көлмөсүнө 1987-жылы туулган Г.К. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 суучул тартылган. Бирок натыйжа болгон жок. Бүгүн, 25-июнда издөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар