09:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Искендер Матраимов: Укуктук мамлекетсиз келечекти элестетүүгө болбойт

«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимовдун бейнесине айрым сүртүмдөр.

Ата конуштун топурагы — ыйык

Айыл жериндеги көп балалуу үй-бүлөдө туулуп-өсүп, чоң бүлөнүн түйшүгүн жапжаш туруп моюну менен тартууга аргасыз болгон Искендердин тарбиясында апасы Апиза менен жарыкчылыктан эрте кеткен атасы Исмаилдин таасири, таалим-тарбиясынын изи дароо эле байкалат. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген кеп төгүн жерден айтылбайт. Бир этек менен бала менен тул калган апасы Апиза көбүрөөк тун уулу Искендерге таянар эле, ишенет болчу. Сегиз баланын ичинен чыйрак, зирек, баамчыл ак-караны ажырата баштагандан тартып апасына көбүрөөк имерилгенин, үй тиричилигин кыз-баланыкы дебей, тең жасаганын каарманыбыз азыр деле сыймык менен эстеп калат. Айылда тиричилик таптакыр бүтпөчүдөй сезилген. Таң атпай, короодогу мал-салдын алдын тазаламай, эртең менен нанүштөгө тамак даярдоо, сүт тартмай, үй жыйнамай, кыскасы, арыдан бери жасап коюп, мектепке шашмай... Каникулда керели кечке пахта талаасында балалык күндөрү өттү. Апасынын бир нерсе аларда же жасаарда кадыресе чоң кишидей кеңешкени эр жетип келе жаткан өспүрүмдөгү жоопкерчилик менен ишенимди ойготкон.

Ата-энесинин бала тарбиялоодогу ык-нускасы: эң биринчи адеп-ахлактык жактан тарбиялоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, улууларды урматтоо, айрыкча, ата-энеге болгон сый-урматты күчөтүү, диний сабаттуулукту дайым арттыруу балдардын кулагына кыт болуп куюлуп келди. Натыйжада Матраимовдордун көптөн тилеген кыялы ишке ашып, Кара-Суу шаарында республикада көлөмү жагынан эң чоң, архитектуралык ансамбли көз жоосун алган кооз, аземдүү, бардык шарттары, ыңгайлуулуктары менен курулган заманбап «Исмаил ата» жана «Апиза эне» мечиттери жаркырап, көз жоосун ала курулду. Искендер мырза: «Атам өмүр бою совхоздо ферма башчысы болуп иштеген. Айыккыс оорудан 58 жашында көз жумду. Апам биздин чайыбызды аз да болсо ичти, карылыкка моюн сунуп, 73кө чыкканда ааламдан өттү... Экөөнүн атындагы мечит болгону менен, биздин жерибиздеги бүтүндөй карапайым, жер менен өзөктөш болуп, өмүрүн эмгекке арнаган, үй-бүлөсүн маңдай тери менен баккан мээнеткеч аксакалдарыбызга, камкор ата-энелерибизге, бизден кийинки өсүп келаткан жаштарга, эртеңки муундарга арналган жалпы элдин мечити деп эсептейм», — дейт ал.

Эмгекке жөндөмдүү, иштин көзүн таба билгенди баалайм

Искендер Матраимов жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 21 жашынан тартып мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келет. Ал үчүн иштин чоң-майдасы, кызматтын улук-кичиги, жердин алыс-жакыны жок. Такшалуу, эмгекчилдик, элге пайдам тийсе деген умтулуу, дайыма алдыңкы катарда болуу кыялы советтик мектепте окугандын натыйжасынан деп эсептейт. Өткөндөн сабак алуу, тарыхтын катасын кайталабоо, коомдук процесстен артта калбоо, жалпынын кызыкчылыгы үчүн колдон келгенин жасоо ар бир адамдын парзы деп санайт. Жеке инсандык принцибинде алдыга койгон максатынан тайбай, кыйналып-кысталса да өжөрлүк, көктүк менен жетүүнү утуш деп эсептейт. Так ошол көгөрүп-көшөрүп азап тартса да ар кандай бут тосууларга, тоскоолдуктарга карабай максатына жеткен адатты бир тууган Матраимовдорго эң чоң агасы катары үйрөтө алганына, таасир эте жуктурганына каниет кылат.

Ушул жылдын март айларында башталган апаат — бүткүл дүйнөнүн тынчын алган таажы тумоосу жер жүзүн тездик менен каптай башташы жеке өзүн атуул катары, Жогорку Кеңештин депутаты катары таптакыр тынч койбоду. Өлкөгө карантин киргизилгенден баштап эл-журтту ойлоп, күнүмдүк тамак-ашына иштеп акча тапкандарды, оорулуу, ар түрдүү топтогу майыптарды, багар-көрөрү жок карыяларды, бала кезинен тубаса ооруга чалдыккан жаш балдарды, жетим-жесирлерди, кыскасы, социалдык жактан корголууга муктаж болгон калктын аялуу катмарын эстеп, санаа тартты. «Элиме кантип жардам берүү керек?» деген ой башынан кетпеди. «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» демекчи, элдин башына түшкөн мүшкүлдү жеңилдетүү максатында «Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фондунда» алгач иш пландарын түзүп, кайсы жерге кандай жардам берүүнүн кезек-тартибин иштеп чыгышты. Кудай жалгап, фонддун алдында түзүлгөн, көз чачырап турганда иштеп жатышкан катмарын жалаң жаштар түзгөн демилгелүү топ, волонтерлор мындайда шымалана киришип, чоң жардам беришти. «Жамандык адамдардын башын бириктирет» деген чын сөз экен. Карантин башталгандан тартып жардамга муктаж болгондордун баарын аныктап, иш баштадык. Жердешчилик, тууганчылык, мага караштуулар деген ой да болбоду, сөз да болгон жок. Күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарын тең бөлүштүрүп, мүмкүнчүлүк жеткенче таркаттык. Баарын тегиз көзөмөлдөп турууга мажбур болдум. Бир эле район, бир облус болсо эчтеке эмес, бүтүндөй республика боюнча бөлүнгөн ыктыярдуу топтор кооптуу учурда жанын аябай иштешти. Мен фонддун демилгелүү жаштар тобуна аябай ыраазы болдум. Жаш адамдардын кайратына, интуициясына, мээримдүүлүгүнө жетине албадым», — дейт Искендер Матраимов.

Эмгекке жөндөмдүү, иштин көзүн таба билгенди баалайм

— Таажы вирусу адамдын аң-сезимине, адеп-ахлагына, дүйнө таануусуна чоң эле өзгөртүү киргизет деп ойлойм. Биз жашообуздагы керексиз нерселерге — аш-той, маараке, жылдык, мектептеги шаан-шөкөт сыяктуу көптөгөн чыгымдан башка, пайдасы аз салт-санаабызга, адаттарыбызга чектөө киргизбесек болбойт. Бул кооптуу пандемия адамдын жан дүйнөсүнө жасалган көзгө көрүнбөс, колго кармалбас касташкан душмандай болууда. Ошондуктан ар бир адам, ал ким болбосун, жынысына, жашына, улутуна карабай, билинбей-байкалбай туруп эле ааламдаштыруунун капшабына сиңип келаткан руханий капсалаңга, экономикалык кудуретсиздикке жана табияттын күтүлбөгөн «сюрприздерине» даяр болушу керек экен. Оору мынчалык тездик менен дүйнөнү каптайт деп ким ойлоду эле? Жер жүзүндөгү ири державалар — Америка кошмо штаттары, Батыш Европа, Түндүк -Чыгыштагы, Борбордук Азиядагы ири мамлекеттер, экономикасы өнүккөн өлкөлөр да туруштук бере албай турду го.

Пандемия учурунда биздин фонддун буту жетпеген жери аз эле болду. Мактангандай болбоюн, биз ошол учурда эл-жерди бөлгөнгө моралдык да, атуулдук да укугубуз жок деп чечтик. Адам өмүрү бычактын мизинде тургандай абал түзүлүп калды. Ош шаарындагы «Андрос-Ош» жана Бишкектеги «Rixon» мейманканасын чукул арада стационарга айландырып, дарыгерлердин үч маал тамак-ашын, дары-дармек, кислород, рентген аппараттарын жана тумоого каршы күрөштөгү бардык жабдуулар, инвентарлар менен толук камсыздап, ишке киргиздик. Мындай учурда пландуу иш-аракетти көрөгөчтүк менен уюштуруу , каражатты максаттуу жумшап, элдин ден соолугун сактап калуу башкы максатыбыз болду. Күн-түн дебей дарыгерлердин абалын сурап, өмүр менен күрөшкөндөрдүн жанында болгонго аракеттендик.

Биздин фонд кыйчалыш учурда жети облустун, эки шаардын, райондук борборлорду жана башка ар бир райондун, андагы айыл өкмөттөр, айылдын элине жардам колун сунганга аракеттендик. Ошого жараша элдин көзү чачырап турганда биринчи кезекте атуулдук, инсандык парзыбызды аткара алдык деп ойлойм. Сөзүм жөн эле айтылгандай болбосун үчүн азыраак болсо да мисал келтире кетейин. Сокулук районундагы Орок, Военно-Антоновка, Красная речка, Күн-Туу айылдарындагы ооруканага, ҮБДТ, ФАП, Алмамүдүн районундагы Арашан айылдык ооруканасына ( ар бирин бирден санап отурсам болбойт го). Кочкор, Ала-Бука, Аксы, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Исфана жана башка бир катар район-шаарларга кычкылтек концентратын, дары-дармек, рентген аппаратын, медициналык жабдууларды, керектүү азык-түлүктөр, буюм-тайымдарды алып барып бердик. Жолон Мамытов агабыз «Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга...» деп жалындуу сөзүн элине калтыргандай, жүрөгүндө от-жалын кайнаган эр көкүрөк кыргыздын мекенчил жигит-кыздары үйдө жатпады...

Саясат, турмуштун бүтпөгөн күрөшү мени такшалтты

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанып жаткан кези. Көп жылдык мамлекеттик кызматтардагы практикасы, баскан өмүр жолунун өрнөгү, депутаттык мезгилиндеги жекече интеллектуалдык жана атуулдук тажрыйбасынан улам такшалып, бышып, көзү каныгып, алгыр бүркүттөй шаңшып турганы төгүн эмес. Парламенттеги укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте иштеп, экономиканын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген, кайсы өндүрүштүк процесс болбосун зыян алып келген көмүскө экономикага каршы, коом менен, коомчулук менен бирге чогуу-чаран күрөш жүргүзсө гана жеңишке жетерине бөркүндөй ишенди.

«Менде эч качан саясатчы болом деген тилек-максат болгон эмес. Депутаттык кресло, депутаттык мандаттын вазыйпасы, түпкүлүктүү маңызы саясатсыз болбойт экен. Биздин саясатчылардын милдети кургак сөз, убада же концепция менен эмес, ар бир мыйзам актыларды, кодекстерди кынтыксыз, ийкемдүү, объективдүү жагдайларга жараша иштеп чыгып, турмушка ылайыктап жазуу менен өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-социалдык, өндүрүштүк-чарбалык, нравалык-моралдык, этникалык-этикалык жактан интенсивдүү өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүү» деп эсептейт биздин каарман. Күнкорсуз мамлекет болуу үчүн экономикалык кубаттуулук менен саясий эрктүүлүк, ар тараптуу көз карандысыздык аздык кылат.

Чынын айтканда, биздин өлкөдө саясатчылардын, парламентарийлердин кадыр-баркы төмөн. Аны моюнга алышыбыз керек. Парламентаризм күчтүү өнүккөн мамлекеттердин мисалынан көп нерселерди үйрөнүп, алгылыктуу жактарын алышыбыз зарыл. Дүйнө интернеттин ылдамдыгындай тез өнүгүп жатат. Бул тирүүлүктө бири-бирине байланышпаган, бири-бирисиз жашай албаган, бири-экинчисин толуктаган маселелер, проблемалар, максат-тилектер абдан көп. Абай салган адамга чынжыр сыяктуу чырмалышып, чынжыр сыяктуу моюндашкан орчундуу милдеттер да арбын.

Саясатта башкаларга салыштырмалуу аз убакыт жүргөнүнө карабастан, саясий күрөштөрдө такшалган, жеңип-жеңилген, жыгылып, кайра турган оош-кыйыштуу айдың жолду басып өтүүгө, саясаттан өзүнүн портретин түзүүгө белсенип киришкен Матраимов Искендер Исмаилович баралына келип, жетилип турган убагы.

Ал кургак сөздү, куру убаданы жактырбайт. Ичкен антка турбаган жылма, туруксуз, чечкинсиз, ээрчиме болууну эзели жактырбайт. Айттыбы аткарууну, убада бердиби убадага турууну, максатка умтулдубу жетүүнү, темирдей принцип менен жашоону жактырат.

Элдин жүгүн аркалоону бала кезден максат кылган инсандын айрым ой-тилектери, көздөгөн мүдөөлөрү ишке ашканына күбө да болуп жүрөбүз. Саясатта алчы-таасын жеп калган карт бөрүлөр менен тең тайлаша чоң саясатка батыл аралашып, акыркы учурлардагы тагдыр чечер маселелердин бардыгында Искендер Матраимов жигердүү болду. Пандемия учурунда элибизге жардам бергенин узак кеп кылууга болор эле. Бирок жасалган, жасалып жаткан жана келечекте да, буюрса, жасала турган андай кайрымдуулук иштерин улам жар сала берүүнү каарманыбыз жактырбайт экен. Ошентсе да өлкөдөгү социалдык-моралдык абал өз ишин жарыя кылууга мажбурлады. Мукурап турган элибизге кол сунгандар көп болсо экен деп тилек кылды. Кантсе да уюткулуу эл экенбиз: кыйынчылыкта калкыбыз бирин-бири колдон, буттан алып колдоп кетти. Бул жаатта Матраимовдор көч башында болду десек, жаңылыштык болбос.

Парламентарий катары Искендер Матраимов деги эле айланып өтүүгө мүмкүн болбой турган чоң фигуралардын бирине айланды. Мыйзам чыгаруу жаатындагы анын жигердүү аракеттери бул сөзүбүзгө далил болуп турат.

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума