04:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аравандагы чагым боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын билдирүүсү

2020-жылдын 20-сентябрында биздин партиянын талапкери Илхом Маннанов Араванда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда күтүүсүздөн чагымчылар аралашып, жолугушуу үзгүлтүккө учураган. Чагымчылардын тобу «Мекеним Кыргызстан» партиянын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып кирген. Натыйжада «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тарапкерлердин арасынан бир канча киши жапа чегип, ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Алардын бири азыр оор абалда Ош облустук ооруканасынын реанимиация бөлүмүндө жатат.

Бул окуя боюнча айрым маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен чындыкка коошпогон маалымат тарата баштады.


Социалдык тармактарда «атайын чагымчылдык топ» баштаган «Мекеним Кыргызстан» партиянын атынан маалымат тараткан фейктер пайда болду.

Бирок окуя болгон учурда тартылып калган видеолордон аны кимдер баштаганын жана чынында эмне болгонун так, таасын көрүүгө болот.

Бизге белгилүү болгондой, жогорудагы атайын уюшулган чырга кылмыш иши козголду. Биз бул иш калыс жана акыйкат териштирилет деген ниеттебиз. Ошондой эле бул окуяга жарандык коом менен эл аралык байкоочулардын көңүлүн бургубуз келет.

Өлкөбүздөгү туруктуулук, тынчтык жана улут аралык ынтымактын алдында эч кайсы шайлоо, эч кайсы үгүт иши түккө турбайт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн бул эң жогорку баалуулуктар. Биз бардык саясий атаандаштарыбызды өз кызыкчылыктарынан мурда элдин жана өлкөбүздүн келечегин ойлоого чакырабыз.

Эки жумадан кийин шайлоо да бүтөт. А бизге ушул жерде — ата-бабалардан калган ыйык Мекенибизде бири-бирибиз менен саламдашканга, жүз карашып жашоого туура келет.

Андыктан биз тийешелүү органдар мындай чагымды уюштургандарды жана аларга буйрук бергендерди катуу жазалоого тийиш деп эсептейбиз.

Себеби Кыргызстаныбыздын тынчтыгынан кымбат эч нерсе жок!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жаркын келечек үчүн жеке кызыкчыкчылыктарга барбайт жана Кыргызстан үчүн кызмат кылууга даяр!

«Мекеним Кыргызстан» партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 — тизмеде!

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар