14:02
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Искендер Матраимовдун «Саясат.kg» сайтына берген маеги — фейк

Интернет айдыңында депутаттыкка талапкер Искендер Матраимовдун «Саясат.kg» сайтына «карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак» -деген сөзү тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду.

Бул боюнча «Саясат.kg» маалымат агентигинин жетекчиси Нургазы Анаркулов төмөндөгүлөргө токтолду:

«Биздин «Саясат.kg» маалымат аналитикалык порталына Искендер Матраимовдун бир дагы маеги чыккан эмес. Алардан маек алган эмеспиз, сүйлөшүүлөр дагы жүргөн эмес жада калса тааныбайбыз. Айта кетүүчү нерсе бул таркатылып жаткан нерсе фейк болуп эсептелинет. Айрым бир арам ойлуулар биздин сайтын жасалгалоосун алып, окшоштуруп ыплас нерселерди таркатып жатышат. Баардыгы калп, айрымдар кара пиар кылып колдонуп жатышат» — деди Анаркулов.

Эске салсак, «Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады:

«Урматтуу элим, урматтуу шайлоочулар!

Үгүт өнөктүгү маалында белгисиз топтор интернет айдыңы аркылуу мага жана мен мүчө болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясына карата ыплас технологияларды колдонуп, айтпаган сөздү айтты деген карандай калптарды таратуу менен кара пиар жасоодо. Маселен, акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда менин атымды жана сүрөтүмдү коюп, «Искендер Матраимов «Саясат.kg» сайтына карантинде ун таратып, элди ачкачылыктан сактап калдык, болбосо кедейлер кырылып калмак», — деп айтты деген сөздү таратышууда. Бул карандай калп жана жалган жалаа. Мен аты аталган сайтка жана башка бир да маалымат каражатына, же кайсы бир журналистке минтип айткан эмесмин. Коронавирус пандемиясы күчөп, элибиз кыйналып турган учурда кол сунуп, ар тараптуу жардам бергенибиз чын. Бирок биз аны эч качан колко, милдет кылган эмеспиз. Ал оюбузга да келген эмес. Жардамды чын дилибизден бергенбиз жана ага эл күбө.

Азыр эми айрым ниети түз эмес топтор биздин ошол аракетибизди бурмалап, ушинтип манипуляция жасоодо. Андыктан айтпаганды айтты дедирген мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер.

Биз, «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоого аттанган күндөн тарта атаандаштарыбызды, бардык саясий күчтөрдү бири-бирин жок жерден жаманат кылган мындай кара пиарлардан алыс болуп, таза күрөш жүргүзүүгө чакырып келебиз жана мындан ары да чакыра беребиз.

Сиздерди урматтоо менен, ЖКнын VI чакырылышынын депутаты жана ЖКнын VII чакырылышынан шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Искендер Матраимов».

***

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 109/1, 510-кабинет.

Эң көп окулган жаңылыктар