12:42
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

COVID, же пневмониябы? Илдетти дарылоо жана алдын-алуу жолдору

Акыркы айдан бери өзүнчө бөлүп караган пневмония оорусу коронавирус экендиги такталды. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлдагы маалымат жыйынында «пневмония — коронавирустун кесепети» десе, дарыгерлер пневмония COVID инфекциясынын өзү экендигин белгилешүүдө. Айрым медиктердин айтымында, өпкө оорусу менен ооруканага түшкөндөрдүн анализинен вирус таксыкталууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-июлда пневмония менен коронавирус жуктургандарды экиге бөлүп каттоону токтотуп, бириктирүү чечими каралып жатканын белгиледи.

Эгер эки статистиканы бириктире турган болсо, Кыргызстанда вирус жуктургандардын жана каза болгондордун саны кескин өсөт.

Өлкөдө анализ тапшырып, андан вирус аныкталгандардын саны — 8 миң 847. Ал эми пневмония менен март айынан 9-июнга чейин 3 миң 696 киши ооруду. Вирустан 116и, пневмониядан 310 адам кайтыш болду.

Пневмония, же COVID?

Пневмония менен COVID ортосундагы талаш баардык эле Борбордук Азия өлкөлөрүндө бар. Өпкөсү оор абалда болуп, бирок, ПЦР тест вирусту таппагандыктан аны өзүнчө каттоого алышууда.

Бирок, адистердин тесттердин тактыгынан күмөнү бар. Анткени, учурда пневмониянын сезону эмес жана андан айырмаланган белгилери кездешүүдө.

Саламаттыкты чыңдоо жана массалык коммуникация республикалык борборунун жетекчиси Сагынбек Уезбаевдин айтымында, вирус жуккан учурдагы пневмонияда бир нече белгилери бар: температуруа 38 градус болот, тамак ооруп, кургак жөтөл пайда болуп, адам жыт жана даам сезбей калат. Ага баш оору, сөөктөрдүн сыздашы кошулат.

«Бейтаптыр абалы оорлошуп баштаганда температура өйдө-ылдыйлап, дем алуу начарлап, аба жетишпей баштайт. Норма боюнча бир мүнөттө 16-20 жолу дем алуу керек. 30дан ашса абал оорлошкон болот», — дейт Сагынбек Уезбаев.

Мындай учурда 103 жана 118 номурларына чалып, оорукана кайрылуу керек.

Пневмониянын дагы бир белгиси — көкүрөк тушу ооруйт.

«Алгач ал төштө пайда болуп, андан ары далынын тушунда, кабырга жакта жана белде болот. Дем алганда оору пайда болот», — дейт ал.

Сөзсүз түрдө компьютердик томография жасаш керекпи?

Компьютердик томографиянын жыйынтыгы ооруну негизги көрсөткүчү эмес.

«Томографияда өпкө айнектей көрүнүп калганы менен, адам өзүн жакшы сезиши ыктымал. Бул организмдин өзгөчөлүгү. Эң башкысы — өзүнүн абалына жакшы көңүл бөлүп, дарыгер менен кеңешип туруу», — дейт Сагынбек Уезбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, өпкөдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо үчүн рентген жетиштүү.

«Биз азыр адистерди вирус менен иштөөгө үйрөтүп жатабыз. Анда рентген менен дарты аныктоо дагы каралган», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.

Өз алдынча дарылануудан алыс болуңуз

Дарыгерлер үйдө дарыланбай, сөзсүз медиктерге кайрылууга кеңеш беришет.

«Пневмонияны дарылоодо антибиотиктерди дарыгердин көрсөтмөсү менен гана алыш керек. Вена аркылуу тамчылатма дарыны өтө көп алуунун зарылчылдыгы жок. Температура 38,5 градустан ашканда парацетомол жана башка дене табын түшүрө турган дарыларды ичүү керек», — дейт Сагынбек Уезбаев.

Коронавирус канды коюлтат. Андыктан аспириндин бир таблеткасын төрткө бөлүп, бир күндө 3-4 жолу ичүү сунушталат.

«Өз алдынча дарылануу опурталдуу. Ал бейтаптын абалын начарлатып, башка ооруларды козгойт. Андан тышкары, антибиотиктерге бактериялардын туруктуулугун пайда кылат. Кээ бир учурда өз алдынча дарыланып, саламаттыгын оорлоштуруп алган бейтаптарга дарыгерлер дагы жардам бербей калат», — дейт адис.

Дүрбөлөңгө түшүүгө жол бербеңиз

Вирус аныкталгандан кийин, же адам ооруп баштаса дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Коркуу сезими пайда болгондо адамдын организминде кортизол гормону бөлүнүп чыгып баштайт. Ал углеводдук алмашууну азайтып, иммунитетти түшүрөт.

Адистер айрычка дем алуу начарлай баштаганда тынчтанууга чакырат. Анткени, чач-челекей ансыз да кычкылтек жетишпей турган абалды күчөтөт.

Вирус даам жана жыт сезүүнү начарлатары айтылып жүрөт. Бирок, ага карабай организмди күчтөндү үчүн көбүрөөк тамактануу жана витаминдерди кошо жеш керек.

«Макарон, нан азыктарын алып салган туура. Бирок, сүт белоктору, эттүү шорпо, творог, сыр, мөмө-жемиш жана жашылчаларын көбүрөк рационго кошуңуз. Дене өтө көп тергендиктен микроэлементтер чыгып кетет, аны кайра толтуруу үчүн компот, чай жана суу ичүү зарыл», — дейт Сагынбек Уезбаев.

Өз организммибизге кулак салууга үйрөнөбүз

Адистер вирус менен бетме-бет кездеше элек болсоңуз дагы дең-соолукка кам көрүп, иммунитетти көтөрүү зарылдыгын белгилешет. Деги эле саламаттыкка такай көңүл бөлүү зарыл. Аны учурдагы пандемия көзгө сайып көрсөттү.

Таза абада чуркоо, мөмө-жемиштер менен тамактануу. Кыскасы, унутта калган дең-соолукту чыңдоо.

Пандемия менен бирге дем алуу көнүгүүсүн өнөкөткө айлантууну дагы сунушташат. Аны жол-жобосун интернеттен көрүп алууга болот.

Айтмакчы, айыккан кишилер толугу менен кутулдум деп ишенимдүү жүрө албайт. Дүйнөдө кайрадан вирус жуктурган учурлар кездешет. Ошондуктан санитардык нормаларды, бет кап кийип, колду бат-бат жууп, элден обочолонууну эпидемия бүткөнчө карманган оң.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү