Ысык-Ата районунун Пионер көчөсүндөгү № 38 үйүнүн 14 жаштагы тургуну көлмөгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, окуя 21-июнда саат 16:30да болгон.
«Окуя болгон жайга ӨКМдин № 7 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, көлмөдөн өспүрүмдү алып чыгып туугандарына өткөрүп беришти», — деп берилет маалыматта.