22:00
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Бишкектеги Динамо стадионунун аймагынан жылан кармашты

Октябрь районундагы Динамо стадионунун аймагында жылан бар экендиги жөнүндө шаар тургундары ӨКМге билдиришкен. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, 21-июнда саат 19:43тө жарандар стадиондун аймагында жылан бар экендигин кабарлашкан.

“ӨКМдин Куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды табышып, коопсуз жайга коё беришти”, - деп берилет маалыматта.

Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар