13:23
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сот блогер Элмир Сыдымандын өкүмүнө журналисттерди киргизбей койду

Бишкектеги Октябрь райондук сотунда Элмир Сыдыманга карата кылмыш ишин кароо уланууда. Бүгүн айыпталуучуга өкүм жарыяланат.

Сот процесси башталганга чейин залга журналисттерди киргизүүгө тыюу салган.

Айыпталуучунун адвокаты Али Магеев, соттун өкүмүнө журналисттер дагы катышуусун өтүнөт.

Белгилегендей, Элмир Сыдыман аймак аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, тергөөчүлөр аны 6 жыл эркинен ажыратууну суранышкан.

Ал эми шоу-бизнес өкүлдөрү, айрым Ош шаарынын тургундары #Сыдымангабоштондук хештеги менен Элмир Сыдыманды кечиргендиктерин жана аны бошотууну суранышууда.

Эске сала кетсек, блогер Элмир Сыдыман өзүнүн Instagram баракчасына түштүк тараптагы Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактары өнүкпөй калган деген таризде видео жүктөгөн. Аны аймак аралык кастыкты козутууга шектүү деп 19-февралда убактылуу кармоочу жайга камашкан. Бирок көп өтпөй үй камагына бошотулган. Сыдымандын айтуусу боюнча аны бул кадамга анын душмандары жеткирген.

Эң көп окулган жаңылыктар