17:19
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Өзбекстанда коронавирустан бир жаран каза болду

Өзбекстанда коронавирустан бир жаран каза болду. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдайт.

Наманган облусунун тургуну 26-март күнү коронавируска шектелип оорукана түшкөн. Андан коронавирус табылды.

«Ал инфарктан набыт болду. Жардам берүү аракеттеринен майнап чыккан жок», —деп билдирди Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги.

Маалыматка караганда, маркумга вирусту 12-мартта Түркиядан келген кызы жугузган.

Өзбекстанда вирусту 83 адам жуктурду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар