13:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 42ге жетти

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бул туурадуу вирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, 16 жуктуруу учуру аныкталган. Өлкөдө илдет менен ооругандардын саны 42и адамга жетти.

Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

— Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;

— Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;

— Ноокат аймактык ооруканасында;

— Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;

— Баткен облустук бириккен ооруканасында.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Эң көп окулган жаңылыктар